У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Көлдүктөр сыртка чыгып, кайра кирээрде анализдин жыйынтыгын көрсөтүшөт жана 14 күн обсервацияга жатышат...


Өлкөдөгү кыйчалыш кырдаалдан улам Ысык-Көл областына 4-майдан тарта  кирип-чыгууга тыюу салынган.  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы сырттан келгендерди облуска коронавируска тест тапшырганы боюнча маалымкаттын негизинде киргизүү талабы киргизилгенин маалымадады. 

"Тургундар өтө зарыл жумушу боюнча гана облустан чыга алышат. Мисалы, дарыгерге кайрылууга, тез арада операция жасатууга, жумушка же жакындары каза болсо жерге берүү үчүн бараткандарга уруксат берилет. Облуска кайра кайтып жатканда экспресс-тесттин же ПЦР анализинин жыйынтыгын көрсөтүшөт. Ошондой эле 14 күндүк үй карантининде болушат. Бул талаптарга макул болгондорго гана чыгууга уруксат берилет", — дешти өкүлчүлүктөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter