У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте Руслан Элебесов менен Тахир Янгуразов 38 млн. зыян келтиришкен...


Бишкекте эки жаран алдамчылык схемасын түзүп курулуш компанияга 38 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан чыккан чечиминде айтылат. Соттун чечимине ыйлайык, Тахир Янгуразов менен Руслан Элебесов аттуу жарандар «Элит Центро Строй» компаниясынын атынан жасалма документ жасап, 8 квартираны курулуш компаниядан тартып алууга аракет кылышкан.
 
Окуяга ылайык, Тахир Янгуразов «Элит Центро Строй» компаниясынын негиздөөчүсү болгон. Компания Тимура Фрунзе 132 жана Токтогула 132 дарегине үй сала баштайт. Бирок 2020-жылы үйдүн толук салып бүтүүгө акчасы жетпей калып, компанияны сатууга коёт. Тахир Янгуразов карыздары көп болгондуктан «Элит Центро Строй» компаниясын сатып, компаниядан чыгып кетет. Ошол эле жылы ага мурдагы досу Руслан Элебесов келип, андан 200 000 миң доллар карызын талап кылат. Тахир Янгуразов азыр 200 000 миң доллары жок экендигин жана башка да карыздары көп экендигин айтат. Ошондо Руслан Элебесов досу Тахир Янгуразовко карызынан бат кутулуу жолун сунуштайт. 

Русландын планына ылайык, Тахир Янгуразов «Элит Центро Строй» компаниясынын атынан, арткы число менен 8 квартираны сатып алган деген келишимдерди жазып берүүнү айтат. Жасалма келишимди жазып бергенден кийин Руслан Элебесов ал келишимдерди мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу мыйзамдаштырып, башка адамдарга кымбат баада сатаарын түшүндүрөт. Түшкөн пайдадан 200 000 миң карызыңан кутуласың жана пайда да табасың деп айтат. Башы карызга батып турган Тахир Янгуразов, Руслан Элебесовдун шартына макул болуп, жасалма 8 келишимди Токтогула 132 дарегиндеги имараттан квартира сатып алды деп «Элит Центро Строй» компаниясынын атынан жасап берет. Тахир Янгуразов ага тиешелүү шарттарды бүтүрүп, Руслан Элебесов квартираларды сатып, анын карызын жаап, калган пайдадан бөлүшөт деп күтүп турган кезде, Руслан Элебесов келишилген планды өзгөртүп, Тахир Янгуразовдун үстүнөн Октябрь райондук милициясына “менин карызымды бербей жатат” деп арыз жазып Тахир Янгуразовду каматып жиберет.
 
Түрмөдө отурган Тахир Янгуразов Руслан Элебесовго алданып калганын билип, бирок дагы деле үмүтүн үзбөй, 8 квартираны сатып калса түшкөн пайдадан бөлүшсө керек деп күтөт. Бирок Руслан Элебесов байланышка да чыккан эмес жана Тахир жок эле өзү «Элит Центро Стройдон» “мен бул жерден квартираларды сатып алганмын, мага квартираларымды бергиле” деп опузалай баштайт. “Эгерде квартираларымды бербесеңер сотко кайрылып, курулуп бүтүп калган үйдү сүрдүрүп саламын” деп коркутат. Руслан Элебесов «Элит Центро Стройдун» жаңы кожоюндарын коркутуу максатында Токтогула 132 дарегинде жайгашкан үйдү сүрдүрүп салынсын деп сотко да кайрылат. Бирок сот бул компаниянын баардык документтери жана уруксат кагаздары бар болгондуктан “үйдү сүрдүрүп салууга негиз жок” деп чечим чыгарып берет. Руслан Элебесов ар түрдүү алдамчылык жолдор менен «Элит Центро Стройдун» жаны кожоюндарынан акча өндүрүүнү уланта берген.
   
Мындай аракеттерден улам «Элит центро стройду» жаңы сатып алган кожоюндары Руслан Элебесовдун үстүнөн милицияга кайрылышкан жана Элебесовдун аракеттерине мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн өтүнүшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Тахир Янгуразов менен Руслан Элебесов алдамчылык жана шылуундук менен алектенгени ачыкталып, алардын жасалма документтер менен жасаган иштери компанияга 38 миллион сом зыян келтиргени маалым болгон.
 
Ушул жылдын 16-январында сот отуруму болуп, Тахир Янгуразов өз кылган кылмыштарын толук мойнуна алып, ырайым кылууну суранган. Тахир Янгуразовдун айтуусунда, ал досу Руслан Элебесовко алданып ушул ишке барганын айтат. Янгуразов Руслан Элебесовдун алдамчылык схемасы аркылуу оңой акча табууну жана карыздарынан кутулууну көздөгөнүн мойнуна алган. Соттун чечими менен Тахир Янгуразов толук күнөөлүү деп табылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесине ылайык 6 жылга эркинен ажыратылган. Анын досу Руслан Элебесовко карата соттун чечими азырынча чыга элек жана териштирүү жүрүп жатканы маалым болду.

Жарандарды ушундай шылуунчулук менен аракет кылган адамдардан этият болуп, мыйзам бузууга түртө турган иштерден алыс болууну эскерте кетмекчибиз.

Булак “Акыркы кабарлар” ютуб каналы...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter