У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Замирбек Базарбеков: “Соттор толук көз карандысыз боло элек”


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 26-февралда Бишкекте Жогорку соттун пленуму боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанда соттор толук көз карандысыз боло электигин айтты. 

Өз сөзүндө ал: “Соттор жогорку бир деңгээлде көз карандысыздыкка жетти десек жаңылган болобуз. Карапайым элдин, коомчулуктун арасында “соттор көз карандысыздыкка жете элек” деген сөздөр айтылып жатат. Мен деле ага кошулат элем. Анын себеби, соттор толук көз карандысыздыкка жетти деп сот реформасынын жыйынтыгы менен айтсак туура болот”, - деди.

Базарбеков сот реформасын аягына чыгаруу үчүн соттордун айлыгын көбөйтүү, сотторду ротация кылуу иштери жүрүп жатканын, бул ишти аягына чыгаруу бир гана сот системасына көз каранды эмес экенин кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын аягында Кыргызстанда акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалымат боюнча, сот тармагына 2020-жылы 1,2 млрд сом берилсе, 2023-жылы 3,5 млрд сом бөлүнгөн.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter