У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкүлчүлүк: "Түркиядан келгендерди үйлөрүнө чыгара албайбыз. 23 адамдын арасынан вирус чыкса, балакет ошондо башталат"


"Сырттан келгендер сөзсүз түрдө обсервацияда жатып чыксын" деп эбактан бери эле айтылып жатканына карабай, Түркиядан атайын мамлекет тарабынан алынып келген кыргыстандыктар "обсервациядан чыгаргыла" деп ызы-чуу салышты. 

Алар социалдык түйүндөр аркылуу “Бизге суу берилген жок, биз ачка калдык. Обсервациядан үйгө чыгаргыла”-деп кайрылышкан болчу.
Алардын ичинен 23ү Ош шаарына келишип, Кашкар Кыштактагы “Кочкор ата” обсервациясына жаткырылган.

Нааразы болгон мекендештерге Ош шаардык Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жооп берди.

“Обсервацияда суу жок, башка жок, чыгаргыла бизди дешип кайрылышкан. Кээ бир маалыматтар соц.тармакка чыкты. Эрте менен бир саатка суу өчүрүлгөн экен. Кайра эле суу берилиптир. Палатада 2 ден жатышат. Имараттын ичинде 8 туалет иштейт. Бул обсервация башка жерлерге караганда, салыштырмалуу шарты жакшы. Кадимки клиникада жатышат. Эми тиешелүү процедурасын аткарып Ош облусуна келген 23 жаранды жаткырдык. Башка облустар үй карантинине чыгарып салышыптыр. А биз үйгө чыгарган жокпуз. Ал эми ушул жарандар “башка облустар үйгө чыгарыптыр, бизди да чыгаргыла” деп бизге кайрылышканы чын. Бүгүн ошол Түркиядан келгендердин арасынан 1 вирус жуктурган адам чыкты. Биз аларды обсервацияга жаткырбай үйгө чыгарып салсак, башка облустарга окшоп,  ушул 23 адамдын арасынан вирус чыкса анда балакет ошондо башталат. Ошондуктан канча күн жатыш керек болсо, ошончо күн жатышат. Эл аман болсун! Биз аларды алардын талабындай үйгө чыгара албайбыз, риск кылууну кереги жок”-деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter