У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек ЖЭБи быйыл оңдоо иштери үчүн 40 күнгө чейин токтотулат


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жылдагы пландык өчүрүүлөрдөн айырмаланып оңдоо иштери үчүн быйыл 30-40 күнгө чейин токтотулат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев 4-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

ЖЭБдеги оңдоо иштерине байланыштуу жыл сайын май же июнь айларында ысык суу берүү 20-30 күнгө токтотулуп турчу. Быйылкы график кийинчерээк такталат.

Талайбек Байгазиевдин билдиришинче, Бишкек ЖЭБи ушул тапта 310-320 МВт кубаттуулукта иштеп жатат. 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

Кырсыкты изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.

Соңку аварияга чейин борбордо 400 МВт электр энергиясы өндүрүлүп келсе, авариядан соң кубаттуулук 200 МВтка түшүп калган. Калыбына келтирүү иштеринен соң ал кайрадан 300 МВтка чейин жогорулаган.

2017-жылкы модернизациядан кийин Бишкек жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 812 МВтка жеткени маалымдалган. Бир жыл өтпөй, 2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, калаа бир апта бою жылуулуксуз калган. Борбор ошондон бери мерчемделген кубаттуулукка чыга элек. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter