У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


16-мартта Араб Эмираттарынан учуп келген жаран: “Египеттен келген таанышым үй карантинин талаптарын сактабай, иштеп жүрөт... ”

 
Бириккен Араб Эмираттарында көп убакыттан бери иштеп жүрүп, таажылуу вирус дүйнөнү каптай баштаганда мекенине кайткан мекендешибиз Нестан Абдрахманова менен Кыргызстандын аэропортундагы текшерүүлөр, учурдагы акыбалы тууралуу баарлаштык. Ал отурган учак  Кыргызстанга 16-марттын таңында конгон.


  • Нестан, Кыргызстанга кирип жаткандагы текшерүүлөр кандай болду?
  • Учак 16-марттын таңында конду. Учак конгону менен бизди дароо сыртка чыгарышкан жок. Учактын ичине дарыгерлер кирип, тепловизор менен бардыгыбызды текшеришти.

  •  Андан соң Манас аэропортуна кирээрдин алдында кайрадан атайын аппараттар аркылуу текшерүүдөн өттүк.   Маңдайыбызда вирустун алдын алуу тууралуу маалымат тактасы бар экен. Мен аны көрүп абдан ыраазы болдум.

  •  Кадимкидей эле паспорт менен текшерүүдөн өтүүгө уруксат алып кезекке турдум. 
  • Бир аздан соң бир канча жүргүнчүнү, алардын арасында мени дагы кайрадан текшерүүгө чакырышты. Эмнеге чакырып жатасыңар деп сураганымда Эмираттарда көп убакыттан бери жашап, иштеп келгендерди өзүнчө чакырып жаткандарын түшүндүрүштү. Бирок күч менен изоляцияга алышкан жок. Себеби Эмираттарда вирусту жуктургандар аз деп айтышты. Чынында эле ал жакта вирусту жуктургандар башка мамлекеттерге салыштырмалуу азыраак. 

  • Эмнеге чакырышыптыр анда?
  • Бардык чакырылгандарды атайын учётко алышты. Ар бирибизден жеке маалымат алышып, колубузга “үй карантинин” талаптары жазылган кагаз карматышты.

  • Демек үй карантинине жатасыңар дегени экен да?
  • Ооба, вирусту дароо аныктоого мүмкүн эмес. Ал адамдын денесинде 14 күн жашагандан кийин гана билиниши мүмкүн. Мен аны мурда эле  билчүмүн. Ошол себептен үйүмө барбай, убактылуу батирге чыгып, ошол жакта жашап жатам. Мен вирустун алып жүрүүчүсү болушум толук ыктымал. 14 күн өтмөйүнчө, тест тапшырып анан таза экенимди билмейинче үй-бүлөмө жолукпай чыдап турайын деп чечтим. Үй-бүлөм үчүн өзгөчө санаа тартып жатам, эгер менин айымдан вирус жуктуруп алышса өзүмдү эч качан кечире албайт болчумун. Ошол себептен эч жакка чыкпай, батирде жатам. 

  • Жакындарыңыз чыдамсыздык менен көрүшуүнү күтүп жатса керек?
  • Ооба, көптөн бери көрүшпөгөнгө алар да, мен да жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Болгону 10 күн калды, чыдап биротоло таза экеним анык болгондо барайын деп жатам. Акыбалым жакшы буюрса, эч жерим ооруган жок. Бирок үй карантинине жаткырылып, карантиндин талаптарын сактабагандарды көрүп жатам. Менин таанышым бир жума мурда Египеттен учуп келген. Мен сыяктуу үй карантинине алынган экен. Бирок ал менчилеп жатпай, ишке кирип, жумушка барып келип жүрөт. Анда вирус жок деп ким кепилдик берет? Анын үстүнө ал иштеген отелде анын кесиптештеринин бири коноравирустан улам көз жумган. Ал жугузуп алыщы толук мүмкүн, бирок эл аралап жүрөт. Мен аны көрүп өзүмдөн өзүм ачууланып жатам. Ошол себептен коомдук жайларда, транспорттордо өтө сак жүрүүңүздөрдү өтүнөм.

  • Үй карантинине алынгандан бери бир жолу абалыңызды сурап чалгандар болдубу дарыгерлер тараптан?
  • Жок, эч ким сурай элек. Мен да ушуга таңмын. Эгер кандайсыңар, эмне болдуңар деп сурабай турган болгон соң эмнеге номерлерибизди алышты? Азыр кайсы  жакка барып тест тапшыраарды караштырып жатам. Бирок сабыр кылып 14 күн өткүчө чыдайын деп жатам.
  • Эмираттарда иштеп жүрсөңүз керек?
  • Ооба, көптөн бери жашап, иштеп жаткам.

Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter