У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


11-майдан тарта коомдук транспорттор кандай шартта эл ташый турганы айтылды


2020-жылдын 11-майынан тарта Өкмөттүн чечимине ылайык, өзгөчө кырдаал шартында коомдук транспорттор ишке чыга турган болду. 

Мындай шартта автобустарда жана троллейбустарда эл ташууга жана жүрүүгө бир топ талаптар коюлууда. Ага ылайык, жүргүнчүлөр баары беткап, колкап кийип, антисептик каражаттар менен жүрүүгө тийиш.

Айдоочу өзүнүн кабинасынан чыкпашы керек, май куюучу жайдан башка жактарга барбашы зарыл. Эгер саламаттыгы начарлап жатканын байкаса, айдоочу кабинасынан чыкпай туруп, “Тез жардам” кызматына же комендатуранын түз байланышына чалып, кабар берүүгө тийиш. Айдоочу башкалар менен мүмкүн болушунча аз байланышууга аракет кылышы керек.

Жүргүнчүлөр салонго 60-70% ашык эмес, отургучтардын санынан ашырылбай салынуусу зарыл. Транспорттун ичи күнүнө үч жолудан кем эмес дезинфекцияланууга тийиш. Салондогу бардык кармагычтар, отургучтар ар бир каттам сайын тазаланып турууга тийиш.
Маршруттук кичи автобустардын ишин жандандыруусуна азырынча уруксат бериле элек.

Ушундай эле талаптар ишканалардын жумушчуларын ташууга да коюлууда. Жумушчулар унаада отуруп барышы керек. Унаада сөзсүз санитайзер болууга тийиш. Транспорт күн сайын тиешелүү түрдө дезинфекциялануусу керек.

Ал эми такси кызматына 1-майдан тартып иштөөгө уруксат берилди. Таксисттер салонго экиден ашык адам салбоого, машинаны күнүнө кеминде үч жолу дезинфекцияланып, кармагычтар, отургучтар ар бир жүргүнчү ташыган сайын антисептик менен тазаланып турууга тийиш.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter