У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр Ибраев түрмөдө отурчу жерде


Чилденин чыгышы катуу болуп, февраль айы суук болду. Какаганга муштаган болуп, ТЭЦ жарылып көп кабаттуу үйдө жашагандар үйлөрү жылыбай үшүп жатышканын айтышып нааразы. Азырынча жоопкерчилик тарткан жан жок. Арийне, чын-чынына келгенде Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшсө дагы жоопкерчиликти сезип, кызматын тапшырып берчү жерде болчу. Тилекке каршы, бул адамда андай сапат карманча жок экен.
 
Мына ТЭЦ жарылгандан бери, оңдоп-түзөө иштери күнү-түнү жүрүп абалды жөнгө салууга канчалык күч, каржы сарпталбасын, талаптагыдай нормада жылуулук берүү мүмкүн болбой, шаар тургундары кыштын чилдесинде суукка тоңуп, ит көрбөгөн абалды баштан кечирип жатышат. Ибраев болсо башым деген жок. 

Ырасында, күзгү-кышкы даярдык талаптагыдай болбогону ТЭЦтин жарылуусу далилдеди. Тээ жайда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо министр Ибраевге “кышта элди суукка тоңдурбай алып чыгасыңарбы” деген суроо бергенде, кебелбей туруп “баарына даярбыз кепилдик берем” деген. Мына жыйынтыгы. Ибраев түздөн-түз түрмөгө отурчу жерде. Мамлекетке эмне деген чыгым келди? Бүт баарын Ибраевге төлөтүп туруп, мыйзам чегинде жоопкерчилигин караса жарашат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter