У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте жаңы жылуулук электр борбору (ТЭЦ) курулат


Бишкек шаарында дагы бир жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев 4-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү долбоорду иштеп чыгуу өткөн жылы башталган жана учурда дээрлик даяр болуп калды. Жаңы борбор көп жылдан бери иштебей турган "Айыл чарба машиналарын куруу” заводунун ордуна курулат. Ал болжол менен 100 МВт электр кубаттуулугуна жана 200-300 МВт жылуулук кубаттуулугуна ээ болот. Кошумча борбор курулса, ал Бишкек шаарынын батыш тарабындагы керектөөчүлөрдү тейлейт деп мерчемделүүдө.

Энергетика министринин орун басары Бишкектин четиндеги Селекция айылында жайгашкан ЖЭБ-2 жылуулук борборун ишке киргизүү боюнча дагы бир чоң долбоор пландалып жатканын айтты. Ал ишке кирсе 110 МВт электр кубаттуулугуна жана 170 МВт жылуулук кубаттуулугун түзүшү мүмкүн.

“Жылуулук электр борбору – 2” (ЖЭБ-2) Бишкектин негизги жылуулук электр борборуна кошумча көмөкчү катары пландалып, 1986-жылы курула баштап, бүтпөй калган. Ага жалпы 136 гектар бөлүнүп, 2005-жылы анын 27,7 гектарын жарандар басып алган. Мыйзамсыз басып алган жерлерге жүздөгөн үй салынып кеткен. ЖЭБ-2 борборун ишке киргизүү демилгеси мурдагы бийликтердин тушунда да айтылып келген.

Бишкектин башкы ЖЭБинин курулушу 1958-жылы башталып, 1961-жылы ишке берилген. 2017-жылкы модернизациядан кийин анын кубаттуулугу 812 МВтка жеткени маалымдалган. Бир жыл өтпөй, 2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБде чоң авария болуп, калаа бир апта бою жылуулуксуз калган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелип, кийин кайра калыбына келтирилген. Мындан улам бийлик аны модернизациялоону жана кошумча жылуулук борборлорун курууну максат кылууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter