Мэрия коронавируска анализ (экспресс-тест же ПЦР) тапшырган аныктама кагазын талап кылганы жатат?..
- 04.05.2020, 14:20,
- Башкы / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек мэриясы 11-майда өзгөчө абал режими алынгандан кийин да автомашиналардын жана адамдардын жол кыймылына айрым чектөөлөрдү калтырууну көздөп жатат. Бул тууралуу 4-майда онлайн брифингде шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.
Бул боюнча: «Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен бирге шаар ичинде автомашиналардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсүн чектөө үчүн санитардык постторду коюу маселеси каралууда. Жаңы конуштарда карантиндик чараларды күчөтүү сунушталып жатат. Эгер зарыл болсо райондук акимчиликтер санитардык пост орнотуп, коронавирус табылган жана ооруп калгандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин жүргүзүшөт", - деп билдирди.
Анын айтымында, шаар аймагына кирүүнү каалагандар өткөрмө кагаз менен кошо коронавируска анализ (экспресс-тест же ПЦР) тапшырганы тууралуу аныктама көрсөтүшү зарыл болот.