Азыркы кезде Кыргызстан тышкы саясаттан аябай эле аксап жатат. Чынын айтканда учурдагы Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чабалдык кылып жатканы баарына көрүнүп турат. Бирок негедир Өлкө жетекиси Садыр Жапаров маани бербей жатканы өкүндүрөт.
Жээнбек Кулубаевдин министр болуп келиши менен Кытай тараптын Кыргызстанда стратегиялык маанилүү ресурстарга ээ болуу аракети күч алды. Алсак, кен байлыктын казынасы, таза суунун башты, кенчи саналган Сары-Жаз өрөөнү ГЭС курабыз деген негизде Кытайларга кетип жатат. Мындан сырткары, 5 көмүр кенин иштетүү укугун алып жатышат. Саны жагынан биринчи орунда турган кытайларга Кыргызстанга кирүүгө визасыз режим киргизилди. Бул улуттун коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат. Өлкөгө кирип жаткан кытайлардын агымын көзөмөлдөө кыйынга турат. Канчасы өлкөдө калып калат айтуу кыйын. Ассимилияция болуп сиңишип кетүү кооптуулугуна жол ачылат. Ушул иштин баары Жээнбек Кулубаев министр болуп келгенден бери ыкчам ишке ашып жаткан процесстер десек болот.
Кытайдагы Кыргызстандын элчиси делген Актилек Мусаева дагы Кулубаевдин “мамилеси жакын” өз кишиси делет. Башкача айтканда, бир кезде Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын аткаруучу директору болгон учурда, Актилек Мусаева ошол кезде Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун Ишкерлер кеңеши боюнча аткаруучу директору болуп экөө 2004-2006-жылдары бир мекемеде бирге иштешкен. Экөөнүн мамилеси ошондон "от алган" өңдөнөт. Анан 2009-2013-жылы Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Кытай, Монголия жана Сингапурдагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалганда, Актилек Мусаеваны Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинин биринчи катчысы, өзүнө кеңешчи кылып ишке алып, “бөпөлөп” өстүргөн. Өткөндө бир катар элчилер Жогорку Кеңеште отчёт беришкенде министр Кулубаев орун басарларын жиберип коюп, өзү келген эмес. Анан Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева отчёт бергенде, министр өзү жетип келгени көп нерседен кабар берет. Мынчалык күйүмдүүлүк жөн жеринен эмес экени сокурга дагы көрүнүп турат.
Айтмакчы, Актилек Мусаева азыркы бийлик кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялап жаткан “Аюу” компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун оң колу, компаниянын вице-президенти болуп иштеген. Ошондо бул жагы кандай болот деген суроо туулат?
Баса, учурда Тышкы иштер министрлигиндеги кадр саясатын Жээнбек Кулубаевдин кеңешчиси Кубан Кабаев чечип, баары анын көзүн карап турат экен. Кабаев болсо Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 2021-жылдагы президенттик шайлоодогу негизги атаандашы болгон Абдил Сегизбаевдин эң негизги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп азыркы президентке каршы иштеген. Андан соң Садыр Жапаровдун дагы бир атаандашы, оппозиция өкүлү Клара Сооронкулованын “Реформа” партиясынан 2021-жылы мартта өткөн Бишкек шаардык кеңешке депутаттыка талапкер болгон. Кубан Кабаев этегин кармаган Абдил Сегизбаев, Клара Сооронкулова экөө тең камалып чыгышты. Бул жагы кызык. Айтмакчы, Кабаев ага дейре Кувейтте Кыргызстандын элчиси болуп турганда, бир айымга “сөйкөнө” коюп, айдалып кеткени боюнча аңыз кептер бар. Анан ушундай баскан изи “мандемдүү” Кабаевди министр Кулубаев өзүнө кеңешчи кылып жетелеп жүргөнү кандай?
Кыскасы, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин ишмердүүлүгү чеке жылытпайт. Анын, бирин өз, бирин кас кылган саясатына чекит коюлбаса, Кыргызстандын башка өлөкөлөр менен болгон алакасына көлөкө түшүрө турган абалга кептелерибиз турган иш.
Булак “Де-факто”