Анжелика жолдошу менен жарашты. "Баары жакшы, шүгүр бизде" дейт ырчы кыз
- 09.08.2020, 23:13,
- Маданият
- 1
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ырчы Анжелика жолдошу Умат Бекболиев менен кайрадан бирге. Бул тууралуу өзү жар салды. Алар кызы Элиманын туулган күнүн чогуу тосушту жана бирге түшкөн видео, сүрөттөр менен бөлүшүштү.
"Беш жыл айырмасы бар сүрөт. Экинчи сүрөттө кандай турсак, ошондой түштүк. Баарыбыздан дагы Айлиндин түшкөнү аябай окшошуптур.
Айыманын бою бизден ашты. Айтор, баары жакшы, шүгүр бизде" дейт ырчы кыз. Анын күйөрмандары түгөйлөрдү куттуктап, жетине албай жаткан убагы.