Вирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоого 3000 доллар каражат жумшалышы мүмкүн
- 24.04.2020, 12:59,
- Коом
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан бир бейтапты дарылоого 3 миӊ доллар каражат жумшалышы мүмкүн. Бул тууралуу, 24-апрелде онлайн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Брифинг учурунда «Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлиги вирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоого 3 миӊ доллар каражат кеткенин жарыялашты, бизде бир бейтапты дарылоого канча каражат жумшалууда»- деген суроо берилди.
«Ар бир бейтепты дарылоого кеткен социалдык-экономикалык чыгымдарды биз азырынча эсептей элекпиз. Бирок биздеги жумшалган каражаттар да ушул эле суммага жетип калса керек» - деп жооп берди Үсөнбаев.
Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча социалдык-экономикалык чыгымдарды так аныктай элек.