Кыргызстан коронавирусту тез аныктоочу 5000 тест сатып алды
- 23.03.2020, 09:26,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу коронавирус илдетин тез арада аныктоочу 5 миң экспресс-тест Кытайдан сатып алынды.
Экспресс-тест Финансы министрлигинде ачылган эсепке түшкөн каражатка алынды. Бул эсеп коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында ачылган.
Бул тест менен илдетти 20 мүнөттүн ичинеде аныктоого болот. Адистер бул экспресс-тест менен бүгүндөн баштап иштей башташат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мындай тест Кытайда жана Түштүк Кореяда абдан натыйжалуу болгонун көрсөттү.