У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстандын УКМКсынын мурдагы жетекчиси Карим Масимов эки айга камалды


     Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу өздүк булактарга таянуу менен Orda.kz билдирди.
 
Гезиттин маалыматына караганда, тиешелүү чечимди Нур-Султан шаарынын тергөө соту чыгарган. Карим Масимов мамлекеттик чыккынчылыкка шектелүүдө. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда. Интернетке иштеп баштады. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter