У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алматыда Назарбаевдин тууганы кармалды


Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин жээни кармалды. Бул тууралуу Orda.kz өздүк булактарына таянуу менен жазат.
 
Анын айтымында, Казакстандын экс-президентинин жээни, УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абиш эки саат мурун Алматыда кармалган.
 
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу уланууда.

 Бирок, кийинчерээк Orda.kz сайтынын башкы редактору Гүлнара Баженова Нурсултан Назарбаевдин жээни Самат Абиштин кармалганы тууралуу маалыматты четке какты.
 
«Самат Абиштин кармалышы боюнча маалымат берген булагыбыз жаңылыптыр, бул маалымат тастыкталган жок. Кечиресиздер, биз өзгөчө кырдаалда иштеп жатабыз жана биздин жалгыз жумушубуз - окурмандарыбызды маалымат менен кабардар кылуу. Туура түшүнүӊүздөр”,-деп айтылат билдирүүдө.
 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter