У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстандын президенти өлкөдөгү окуялар боюнча тергөө тобун түзүүнү тапшырды


 Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн өкмөтүнө окуянын себептерин аныктоо үчүн атайын тергөө тобун түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
 
Топ ошондой эле бардык күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартууга тийиш. Анын курамына Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин жана башка структуралардын өкүлдөрү кирет. Куралдуу күчтөргө, УКМКга, Ички иштер министрлигине, Улуттук гвардияга жана башка күч түзүмдөрүнө аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жана техникасын, моралдык духун жогорулатуу тапшырмасы берилди.
 
Облустардын акимдиктери каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жана Куралдуу күчтөргө татыктуу материалдык колдоо көрсөтүшсүн. Мындан тышкары 1414 call-борборунун базасында жарандарга жабыркагандар жана дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат берүү үчүн түз линия уюштурулат.
 
Өкмөт башаламандыктын натыйжасында келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча комиссияларды түзүп, кырдаал турукташкандан кийин Алматыдагы жана башка облустардагы административдик имараттарды, социалдык объектилерди, турак жайларды калыбына келтирүү иштерин баштайт.
 
Жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү, абал турукташкандан кийин экинчи деңгээлдеги банктардын жана башка финансылык уюмдардын туруктуу жана үзгүлтүксүз ишин калыбына келтирүүнү камсыз кылуу, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү, чет элдик инвестициялык субъектилерди жана чет элдик компаниялардын бизнесин коргоо тапшырмасы берилди.
 
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. 4-5-январда Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болду. Бүткүл өлкө боюнча алар интернетти өчүрүп, бир катар телеканалдарды көрсөтүүнү убактылуу токтотушту.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter