У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алматыдагы кагылышууда күч органын 12 кызматкери каза болду


 Алматыдагы кагылышууда 12 укук коргоо кызматкери набыт болгон. Бул тууралуу казакстандык басылмалар шаардын комендатурасына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
 
Маалыматка ылайык, дагы 353 кызматкер жаракат алган.
 
Мындан тышкары, башы кесилген адамдын сөөгү табылган.
 
Алматыдагы Республика аянтына 200дөй адам чогулганы кабарланууда. Өрт өчүрүүчү унаа барымтага алынды. Алматынын акимчилиги өрттөнүүдө. КТК, НТК, МИР телеканалдары жайгашкан имарат күйүп жатат.
 
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. 4-5-январда Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болду. Бүткүл өлкө боюнча алар интернетти өчүрүп, бир катар телеканалдарды көрсөтүүнү убактылуу токтотушту.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter