У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанда кышкы каникул 17-январга чейин узартылды

 Казакстанда окуучулардын кышкы каникулу 17-январга чейин узартылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
 
Кышкы каникулда мектеп мугалимдери айылдын шартына жараша дистанциялык же салттуу форматта иштешет.
 
«Бала бакчалар аймактагы шартка жараша иштейт. Учурда бала бакчалардын көбү балдарды кабыл алууда. Колледждердин жана ЖОЖдордун студенттери академиялык календарга жараша 24-январдан баштап каникулга чыгышат», — деп айтылат билдирүүдө.
 
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. 4-5-январда Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болду. Бүткүл өлкө боюнча алар интернетти өчүрүп, бир катар телеканалдарды көрсөтүүнү убактылуу токтотушту.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter