Россияда коронавирустун «омикрон» штаммы 16 адамдан аныкталды
- 13.12.2021, 15:37,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Россияга келген 16 жарандан «омикрон» штамм табылганын Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бүгүн өлкөгө келген 177 жарандын 16сында «омикрон» штаммдары аныкталды, алардын баары обсервацияда", — деди Голикова.
Ошол эле учурда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму «омикрон» штаммы "дельта" штаммына караганда тезирээк жайылып жатканын билдирди.