У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ДССУ: "Коронавирустун Индияда пайда болгон жаңы, күчтүү түрү тездик менен жайылууда. Учурда 92 мамлекеттен катталды"


Индияда аныкталган коронавирустун "Дельта" деп аталган жаңы түрү дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Азыркы учурда биз 92 мамлекетте коронавирустун индиялык штаммы же дельта варианты бар экендигин билебиз. Бул нерсе бизди тынчсыздандырууда. Анткени аталган штамм дүйнө жүзү боюнча тез жайылып жатат", - деп билдирген ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керхове.

Буга чейин Англиянын коомдук медицина кызматы жаңы штамм коронавирустун башка түрлөрүнө караганда 64 пайызга көбүрөөк жугуштуу жана учурдагы вакциналарга бир аз чыдамдуу экендигин билдирген.
Ошондой эле индиялык штаммды жуктуруу адаттан тыш белгилер менен коштолот: ичтин оорушу, кусуу, жүрөк айлануу жана угуунун начарлашы. Мындан тышкары шотландиялык вирусологдордун айтымында, Дельта ооруканага жатып калуу коркунучун туудурат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter