У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бразилияда коронавирустун дагы бир күчтүү, тез тараган түрү табылды


Сан-Паулу университетинин (Бразилия) окумуштуулары коронавирустун мурдагылардан да тезирээк тараган жаңы түрүн табышты. Бул тууралуу Бразилиянын вирусология коомунун вице-президенти Жоао Песоа Араужу Жуниорго шилтеме берип, дүйнөлүк басылмалар жазышууда. 

"Вирустун P4 деп аталган жаңы вариантынын кайдан жана кандайча келип чыкканы белгисиз. Алгач ал Мокока муниципалитетинен табылып, кийин башка жактарга дагы тездик менен тарап кетти. Бирок анын мурдагыларга салыштырмалуу канчалык кооптуу экени азыр аныктала элек. Бул вирус "бразилиялык" штамм менен бир топко кирет", — деп айтылат кабарда.

Жоао Песоа Араужу Жуниордун айтымында, вирустун P1 түрү жана "британиялык" штаммы бар аймактарда тездикте жайылууда. Андыктан өлкө бийлиги Коронавирустун геномдору тууралуу эркин маалымат алуу эл аралык бирикмесине (GISAID) вирус тууралуу толук маалымат берди. Ал жактан ага P4 деген аталыш ыйгарылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter