У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанда балдар арасында коронавирустун оор формасы тездик менен жайылууда


Казакстандын түндүгүндө балдар арасында коронавирустун оор формасы тездик менен жайылып жатканы айтылды. Бул тууралуу Түндүк Казакстан облусунун Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Татьяна Горлованын билдирүүсүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
 
Маалыматка ылайык, акыркы жумада облус боюнча коронавирус илдетине чалдыккан балдардын саны кескин өскөнү байкалган. Өзгөчө балдар арасында "дельта" штаммы тездикте жайылып, 14 жашка чейинки балдар вирустун оор формасына туш болуп жатканы айтылган. 1-январдан бери облуста жалпысынан 906 бала илдетке чалдыкса, акыркы жумада эле вирус жугузгандардын саны 107ге жеткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter