У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Индияда коронавирустун дагы бир жаңы түрү тездик менен жайылууда


Индиянын Махараштра штатында коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алган 20 учур аныкталды. Вируска "дельта плюс" деген ат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вирустун жаңы түрү ооруп айыккан жана эмдөөдөн өткөн адамдардагы антителолордун активдүүлүгүн төмөндөтө турган K417N мутациясы менен айырмаланат.

Медициналык билим берүү жана изилдөө департаментинин башчысы Татьярао Лахан жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып, вирус өлкөнүн Нави-Мумбаи, Палгар и Ратнагири деген аймактарында табылганын ырастаган.
Коронавирустун жайылышын чектөө үчүн бийлик атайын зоналарды түзүп, коронавирустун жаңы штаммы табылган жерлерди карантинге алган.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсүндө Британ штаммы, Түштүк Африка, Индия, Орусия штаммдары катталганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкен. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter