Коронавирус менен ооруп жаткан 1214 адамдын абалы оор
- 29.07.2021, 17:05,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 15910 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
12 миң 164 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда 3 миң 746 дарыланышууда. Анын ичинде 213 адам - өтө оор, 1 миң адам оор абалда болсо, бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 2531 адам (же 67,1 пайыз) - орто оор деп бааланып, 55 бейтаптын абалы канааттандырарлык.