Коронавирус менен ооруп жаткан 1 377 адам оор абалда
- 07.07.2021, 10:46,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 16568 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
12 миң 315 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда 4 миң 253 адам дарыланууда. Анын ичинде 184 адам - өтө оор, 1 миң 193 - оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 2 миң 818 адам (же 66,2 пайыз) - орто оор деп бааланып, 58 бейтап канааттандырарлык абалда.