Вирус оор өтүп жатат. Коронавирус менен ооруган 1 508 адам оор абалда
- 10.07.2021, 12:48,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 17 миң 867 адам коронавирусту дарылап жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
13 миң 282 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда - 4 миң 585 дарыланышууда. Анын ичинен 198 адам - өтө оор абалда, 1 миң 310 - оор. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 3 миң 8 адам (же 65,6 пайыз) - орто оор деп бааланып, 69 бейтаптын абалы канааттандырарлык.