Коронавирус менен ооруп жаткан 602 адам оор абалда
- 07.06.2021, 12:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда коронавируска каршы 3725 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
1 миң 958 бейтап амбулатордук шартта (үйдөн), ооруканаларда - 1 миң 767 дарыланууда. Анын ичинде 109 адам - өтө оор абалда, 493 бейтаптын абалы оор. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 129 адам (же 63,8 пайыз) - орто оор деп бааланып, 36 адам канааттандырарлык абалда.