Коронавирус менен ооруп жаткан 1 491 адам оор абалда
- 09.07.2021, 12:47,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда коронавируска каршы 17 488 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
12 миң 874 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда - 4 миң 614 дарыланышууда. Анын ичинде 197 адам - өтө оор, 1 миң 294 - оор. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 3 миң 64 адам (же 66,4 пайыз) - орто оор деп бааланып, 59 бейтап канааттандырарлык абалда.