Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен эки аялдын сөөгү табылды
- 27.07.2021, 22:05,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кара-Суу районунда Ак- Буура дарыясына чөгүп кеткен үч аялдын экөөнүн сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кара-Суу районундагы Мамакеев санаторийинде үч аял Ош-Араван каналына чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Издөө иштерине 4 куткаруучу тартылган.
Ак-Буура дарыясынан эки аялдын сөөгү табылды. Куткаруучулар 2006-жылы туулган К.Н.ны суудан алып чыгышты, ал тирүү болгон.