У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ак- Буура дарыясына кулаган автоунаанын жүргүнчүлөрүнүн бири табылды

14-сентябрь күнү Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен автоунаанын жүргүнчүлөрүнүн бири табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
 
Өзгөчө кыпдаалдар министрлигинин кыхматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын алкагында кечээ, 17-сентябрда 1956-жылы туулган кишинин сөөгү табылган. ӨКМнын кызматкерлери маркумду суудан чыгарып, жакындарына өткөрүп беришкен.
 
Учурда төрт жашар баланы издөө иштери улантылууда.
 
Эске салсак, окуя 14-сентябрь күнү кечинде Ноокат районунда Күндү-Дөбө айылындагы унаа жолдо болгон.  “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаадагы 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып, эки жүргүнчү  сууга агып кеткен. Алардын бири төрт жаштагы бала болгон. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter