У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош жана Жалал-Абадда суудан эки кишинин сөөгү табылды


  Ош жана Жалал-Абадда куткаруучулар эки кишинин сөөгүн суудан алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, 14-июнда "112" кызматына Ош шаарынын Кайырма каналында эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
 
Окуя болгон жерге унаа менен төрт куткаруучу барып, сөөктү суудан алып чыгышкан. Каза болгон адамдын өздүгү такталууда. Өлүмдүн жагдайларын тактоо үчүн, сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
 
Ушундай эле окуя Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жапалак айыл аймагында болгон. 13-июнда Кайырма суу сактагычындагы Акман айылына 23 жаштагы бала чөгүп кеткен.  Анын да сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter