Араван каналына чөгүп кеткен 8-9 жаштагы тестиерлердин сөөгү 1 күндөн соң табылды
- 21.08.2020, 12:38,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаарындагы Араван каналына чөгүп кеткен эки тогуз жана сегиз жаштагы балдардын сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алар 20-август күнү Туран кичи районунда Күрөңкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Араван каналына тогуз жана сегиз жаштагы балдар чөгүп кеткен. чөгуп кетишкен.
Издөө иштерине 22 куткаруучу тартылып, бүгүн, 21-августта, саат 07.30да тогуз жаштагы баланын, саат 9.35те сегиз жаштагы баланын сөөгү табылган. Кутаруучулар аларды туугандарына өткөрүп бергени айтылат.