У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сак болуңуздар! Сууга чөккөн 5 адамдын сөөгү табылбай жатат


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы күндөрү Кыргызстанда 5 адам сууга чөгүп кетип, табылбай жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына (ЧЧК) 10-августта түшүп кеткен беш жаштагы бала дагы эле табылбай жатат. Издөө үчүн ӨКМден 25 куткаруучу тартылган. Издөө иштери бүгүн дагы улантылат.

Мындан тышкары, 15-августта Учкун кичи районунда ЧЧКга түшүп кеткен 13 жаштагы тестиер дагы изделүүдө.

Жекшемби күнү Ленская көчөсүндө ЧЧКга эркек киши чөгүп кеткен. Аны табууга ӨКМдин №1 өрткө каршы бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган. Издөө иштери бүгүн да жүргүзүлөт.

Ишемби күнү Чүйдүн Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кетип, 21 куткаруучу издеп жатат.

Ал эми Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылындагы Чу дарыясына чөгүп кеткен жети жаштагы бала табыла элек. Аны 23 куткаруучу, 13 жергиликтүү тургун издөөдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter