Көк-Арт дарыясынан 13 жаштагы кыздын сөөгү табылды
- 19.04.2021, 10:03,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынан 2008-жылы туулган кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-апрелде куткаруу кызматына Жалгыз-Жаңгак айылындагы Көк-Арт дарыясына 13 жаштагы кыз түшүп кетти деген маалымат түшкөн.
Чакырууга 14 куткаруучу жөнөтүлгөн, бирок алар келгенге чейин кыздын сөөгүн жергиликтүү тургундар табышкан. Кыздын сөөгү ата-энесине өткөрүлүп берилди.