Коронавирус жуктуруп алган 99 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда
- 08.06.2021, 12:37,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда коронавируска каршы 3781 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Анын айтканына караганда, 2 миң 16 бейтап амбулатордук шартта (үйдөн), ооруканаларда - 1 миң 765 дарыланышууда. Анын ичинен 99 адам өтө оор, 496 адам оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 137 адам (же 64,4 пайыз) - орто оор деп бааланып, 33 адам канааттандырарлык абалда.