Коронавирус илдети менен ооруп жаткан 663 адам оор абалда
- 15.06.2021, 13:35,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 5 132 адам коронавируска каршы дарыланып жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Амбулаториялык (үй шартында) 2 миң 52 бейтапт, ооруканаларда 3 миң 80 адамды дарыланууда. Анын ичинде 100 адам өтө оор, 563 адам оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 367 адам (же 66,6 пайыз) - орто оор деп бааланып, 22 адамдын абалы канааттандырарлык.