COVID-19: 801 адамдын абалы оор
- 22.06.2021, 11:51,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда коронавируска каршы 7 миң 609 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
5 миң 173 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда - 2 миң 436 дарыланып жатат. Анын ичинде 93 адам өтө оор, 708 адам оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 610 адам (же 66 пайыз) - орто оор деп бааланып, 25 бейтаптын абалы канааттандырарлык.