У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн коронавирус сегиз кишинин өмүрүн алды, 1352 адам жуктурду


Акыркы бир сутка ичинде 1 миң 352 жаңы жугуштуу пневмония жана COVID-19 учурлары аныкталды, сегиз киши каза болду.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
 
Бишкек шаарында -803, Ош шаарында -42, Чүйдө -189, Ошто -67, Таласта -29, Нарында -24, Ысык-Көлдө- 37, Жалал-Абадда- 80, Баткенде- 81 учур катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 оорусунун 129 232 учуру катталды.
 
 
Кыргызстанда бир сутка ичинде дагы сегиз адам коронавирустан көз жумду. 
 
 Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда эки, Ош жана Жалал-Абад облусунда бир өлүм катталды.
 
Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада коронавирустан 2 миң 27 адам каза болду


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter