Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 965 адам вирус жуктуруп, 8 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында -1490, Ошто- 45, Чүйдө -111, Ошто- 94, Таласта -8, Нарында- 16, Ысык-Көлдө -35, Жалал-Абадда -93, Баткенде -73 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19дун 125 миң 3 учур катталды.
Кыргызстанда бир сутка ичинде дагы сегиз адам коронавирустан көз жумду.
Каза болгондордун экөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, экөө Ысык-Көл облусунда, үчөө Баткен облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери республикада 2000 адам коронавирустан каза болду.