Акыркы бир сутка ичинде 1485 жаңы жугуштуу пневмония жана COVID-19 учурлары аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында -923, Ошто -33, Чүйдө -165, Ошто -109, Таласта -22, Нарында- 24, Ысык-Көлдө -38, Жалал-Абадда -91, Баткенде -80 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 127 миң 880 учуру катталды.
Кыргызстанда күнүнө дагы 10 адам коронавирустан көз жумган.
Алты өлүм Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда, бирөө Чүй жана Талас облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери республикада 2 миң 19 адам коронавирустан каза болду.