У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сутка ичинде 619 адамдан вирус аныкталды, 5 бейтап көз жумду


 Кыргызстанда күнүнө жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын дагы 619 учуру аныкталды, 5 адам каза болду.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
 
Бишкек шаарында -273, Ош шаарында -110, Чүйдө -99, Ош шаарында -57, Таласта -7, Нарында- 5, Ысык-Көлдө- 22, Жалал-Абадда -26, Баткенде- 20 учур катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 109812 учур катталды.
 
Ал эми каза болгондор: Бишкекте төрт, Ысык-Көл облусунда бир өлүм катталды.
 
Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада коронавирустан 1881 адам каза болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter