У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир сутка ичинде коронавирустун 308 учуру аныкталды, сегиз адам каза болду

    
Кыргызстанда күнүнө жугуштуу пневмония жана COVID-19 дагы 308 учур аныкталды, сегиз бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
 
Маалыматка ылайык, каза болгондор: Бишкекте алты, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден өлүм катталды.
 
2020-жылдын март айынан бери республика боюнча 1 миң 743 адам каза болду.
 
Вирус жуктургандар: Бишкек шаарында- 164, Ош шаарында- 12, Чүйдө -76, Ошто -11, Таласта -5, Нарында -4, Ысык-Көлдө -19, Жалал-Абадда- 13, Баткенде- 4 учур катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республика боюнча 102 миң 286 жугуштуу пневмония жана COVID-19 учурлары катталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter