У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


COVID-19: 6 адам каза болуп, 358 учуру аныкталды


Бүгүн, 2-июлга карата жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын дагы 358 учуру аныкталып, алты адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында -163, Ошто -64, Чүйдө -64, Ошто -19, Таласта- 2, Нарында -3, Ысык-Көлдө -20, Жалал-Абадда- 18, Баткенде -5 учур катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 105469 учуру катталды.
 
Кыргызстанда бир сутка ичинде дагы алты адам коронавирустан көз жумду. Бишкек шаарында төрт, ал эми Талас жана Ысык-Көл облустарында бирден өлүм катталды.
 
2020-жылдын март айынан бери республика боюнча 1821 адам коронавирустан каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter