У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн 1392 адам вирус жуктуруп, 9 киши каза болду


Кыргызстанда акыркы бир суткада 1392 жаңы учур аныкталды, тогуз киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Бишкек шаарында -803, Ош шаарында -78, Чүйдө- 197, Ошто- 60, Таласта -20, Нарында- 17, Ысык-Көлдө -37, Жалал-Абадда- 97, Баткенде- 83 учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 126 395 учуру катталды.

Бүгүн, 1-июлда тогуз адам коронавирустан көз жумду. 

Бишкек шаарында беш, Баткен облусунда эки, Чүй жана Жалал-Абад облустарында бир адам каза болгон.

2020-жылдын март айынан бери республикада 2 миң 9 адам коронавирустан каза болду.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter