Кыргызстанда акыркы бир суткада 822 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды, беш бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында- 300, Ошто -70, Чүйдө -207, Ошто- 93, Таласта -9, Нарында- 1, Ысык-Көлдө -20, Жалал-Абадда- 80, Баткенде- 42 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 118 миң 106 учур катталды.
Акыркы бир суткада коронавирустан беш адам көз жумган.
Үч өлүм Бишкекте, ал эми бирөө Ош шаарында жана Чүй облусунда катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада 1 миң 958 адам коронавирустан каза болду.