Кыргызстанда акыркы бир суткада 459 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды, беш бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында -183, Ош шаарында -73, Чүйдө- 70, Ошто -70, Таласта -6, Нарында -1, Ысык-Көлдө -19, Жалал-Абадда -34, Баткенде -3 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 108 173 учуру катталды.
Ал эми каза болгондор: Бишкек шаарында-1, Чүй жана Ош облустарында экиден катталды.
2020-жылдын март айынан бери республика боюнча коронавирустан 1864 адам каза болду.