Кыргызстанда акыркы бир суткада жугуштуу пневмония жана COVID-19 вирусунун дагы 526 учуру аныкталды, 7 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында -232, Ош шаарында -101, Чүйдө -43, Ошто -63, Таласта -5, Нарында -9, Ысык-Көлдө- 25, Жалал-Абадда -31, Баткенде -17 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 109 миң 193 учур катталды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери республика боюнча коронавирустан 1876 адам көз жумду.