У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн 379 адам вирус жуктуруп, 7 бейтап каза болду


 Кыргызстанда акыркы бир суткада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын дагы 379 учуру аныкталды, 7 адам каза болду.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
 
Маалыматка ылайык, каза болгондордун бешөө Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден өлүм катталды.
 
2020-жылдын март айынан бери республика боюнча коронавирустан1667 адам каза болду.
 
Ал эми вирус жуктуруп алгандар: Бишкек шаарында -240, Ошто- 5, Чүйдө -103, Ошто -1, Таласта -2, Нарында -9, Ысык-Көлдө -13, Жалал-Абадда -1, Баткенде -5 учур катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 илдетинин 99 миң 33 учуру катталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter