У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Коронавирус пандемиясында оорунун очогунда эмгектенген дарыгерлер эс алуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөтүлүп жатат. Бүгүн, 10-сентябрда Баткен облусунан 51 медкызматкер эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү.
 
Аларды облус башчысы Алишер Абдрахманов узатып, өмүр сакчыларына ак жол каалады.
 
Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы “Рахат” эс алуу пансионатында 7 күн акысыз эс алышат. Дарыгерлердин эс алуусун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздук уюму уюштурган. Алардын барып келүү жол акысы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter